1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

11

ИЭТс-1-21 тайпасы квалификациялык жумуш алдындагы практикасынын отчетун ийгиликтүү тапшырды

Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын ИЭТс-1-21 тайпасынын студенттери квалификациялык жумуш алдындагы практикасы боюнча отчетторун ийгиликтүү тапшырышты. Жыйынга БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович жана практика жетекчилери катышып, студенттердин практика учурунда аткарган иштерине баа беришти.

Отчет коргоо учурунда студенттер практика өткөн мекемелерде аткарган иштери боюнча презентацияларын сунуштап, алган тажрыйбалары, өздөштүргөн кесиптик көндүмдөрү жана жетишкен жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле практика мезгилинде аткарылган иштер боюнча отчетторун белгиленген талаптарга ылайык коргоп чыгышты.

Практика жетекчилери студенттердин баяндамаларын угуп, алардын аткарган иштерине тиешелүү бааларын коюп, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу сунуштарын жана кеңештерин беришти. Квалификациялык жумуш алдындагы практика студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, кесиптик тажрыйбасын арттырууга жана келечектеги адис катары калыптануусуна чоң өбөлгө түздү.