1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

9

Жалал-Абад электр тармактары ишканасында “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү

Жалал-Абад электр тармактары ишканасында жаштар үчүн “Ачык эшиктер күнү” аталышындагы иш-чара уюштурулуп, ага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун энергетика багытында бүтүрүүчү курстун студенттери катышышты.

Аталган иш-чаранын негизги максаты жаштарды энергетика тармагынын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштыруу, келечектеги кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү жана бүтүрүүчү курс студенттерин өндүрүш тармагына тартуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге ишкананын бүгүнкү күндөгү абалы, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, жаңы электр берүү линияларын куруу, көмөк чордондорду реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле тармактагы заманбап технологиялар, жаңы кубаттуулуктарды эксплуатациялоо жана электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер тааныштырылды.

Мындан сырткары студенттерге ишкананын өндүрүштүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, адистердин күнүмдүк иш процесстери жана тармактагы кадрларга болгон муктаждык тууралуу маалыматтар жеткирилип, бош жумуш орундар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда бүтүрүүчү курстун студенттери энергетика тармагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат алышып, ишканага болгон кызыгуулары артканын белгилешти. Айрыкча акыркы жылдары тармактагы эмгек шарттары, айлык акы жана социалдык камсыздоо маселелери бир топ жакшырып жаткандыгы студенттер тарабынан оң бааланды. Жыйынтыгында айрым бүтүрүүчү курс студенттери келечекте өз адистиги боюнча Жалал-Абад электр тармактары ишканасында эмгектенүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындай жолугушуулар студенттердин теориялык билимдерин өндүрүш менен айкалыштырып, жаш адистерди энергетика тармагына тартууда маанилүү роль ойнойт.