1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

Өндүрүштүк практиканын жыйынтыгы

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана электротехника багытында билим алып жаткан күндүзгү окуу бөлүмүнүн ЭС-1-23 жана сырттан окуу бөлүмүнүн ЭКс-1-22, ЭЭССс-1-22 тайпалары үчүн өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу отчеттук конференциясы уюштурулду.

Иш-чарага карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн директору т.и.к., доцент Шамиев Жакып Бакирович, кафедра башчысы, окутуучулар жана студенттер катышышты.

Конференциянын ачылышында Шамиев Жакып Бакирович сөз сүйлөп, студенттерге өндүрүштүк практика учурунда алган тажрыйбаларын туура талдап, отчеттук материалдарын ийгиликтүү коргоого каалоо-тилектерин билдирди. Ошондой эле өндүрүштүк практиканын студенттердин кесиптик даярдыгындагы маанисине өзгөчө токтолду.

Андан соң студенттердин отчеттук докладдарын угуу бөлүгү башталды. Алгач күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттери өндүрүштүк практика учурунда аткарылган иштер боюнча презентациялык баяндамаларын сунушташып, электр жабдууларын эксплуатациялоо, көмөк чордондордун иштөө режими, техникалык коопсуздук эрежелери жана өндүрүштөгү практикалык көндүмдөр боюнча маалымат беришти.

Мындан кийин сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери өздөрүнүн отчетторун презентация форматында коргошту. Алардын көпчүлүгү учурда энергетика тармагындагы ишканаларда эмгектенип жаткандыктан, практика программасында каралган багыттар боюнча өндүрүштөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, айрым темаларды кошумча түрдө тереңдетип өздөштүрүшкөнүн белгилешти.

Конференциянын жүрүшүндө студенттердин баяндамалары талкууланып, суроо-жооп форматында пикир алышуулар уюштурулду. Жыйынтыгында студенттер өндүрүштүк практика боюнча даярдаган отчеттук материалдарын жана презентацияларын ийгиликтүү коргоп, татыктуу бааларга ээ болушту.

Белгилей кетсек, студенттер өндүрүштүк практикаларын Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын ар түрдүү өндүрүштүк бөлүмдөрүндө өтүштү.