1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

Жаштар жана спорт – 2026

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасында 2026-жылдын 12-майынан 16-майына чейин “Жаштар жана спорт – 2026” аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү. Аталган спорттук иш-чара БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитовичтин демилгеси менен уюштурулуп, кафедрада салтка айланган иш-чаралардын бири катары жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Спорттук иш-чарага кафедранын 9 тайпасы активдүү катышып, студенттер өздөрүнүн күчүн, шамдагайлыгын жана командалык ынтымагын көрсөтүштү. Мелдештин алкагында спорттун волейбол, футбол, аркан тартыш жана кол күрөш түрлөрү боюнча оюндар өткөрүлдү. Кол күрөш жана аркан тартыш боюнча мелдештер кыздар жана балдар арасында өз-өзүнчө уюштурулду.

Мелдештин жүрүшүндө Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышып, спорттук оюндардын жогорку деңгээлде жана таза атаандаштыкта өтүшүнө өз салымдарын кошушту.

Спорттук иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлоо аземи уюштурулду. Жеңүүчүлөргө дипломдорду жана сыйлыктарды Агрардык-техникалык институтунун директору, т.и.д., профессор Карбекова Азиза Баймаматовна жана БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович тапшырышты.

“Жаштар жана спорт – 2026” спорттук мелдеши студенттердин сергек жашоо образын калыптандырууга, достук мамилелерди бекемдөөгө жана жаштар арасында спортко болгон кызыгууну арттырууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.