1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 часа назад

7

БАС кафедрасында квалификациялык иштердин алдын ала коргоосу өткөрүлдү

Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын ИЭТ-1-22 тайпасынын бүтүрүүчү студенттери квалификациялык жумуштарын алдын ала коргоодон ийгиликтүү өтүштү. Жыйынга БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович жана квалификациялык жумуш боюнча жетекчилер катышып, студенттердин аткарган иштерине кеңири талдоо жүргүзүштү.

Алдын ала коргоонун жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн квалификациялык иштерин презентация аркылуу тааныштырып, темаларынын актуалдуулугу, максаты, аткарылган иштери жана алынган жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле жазылган иштер толук текшерилип, аныкталган кемчиликтер жана каталар боюнча студенттерге тиешелүү сунуштар менен багыттар көрсөтүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты студенттерди негизги коргоого сапаттуу даярдоо, квалификациялык иштердин мазмунун жакшыртуу жана илимий-теориялык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Алдын ала коргоо студенттер үчүн өздөрүнүн иштерин талдап чыгууга, кемчиликтерди оңдоого жана акыркы коргоого даярдыгын бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү.