1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

22

«Санариптик геоэкономиканын заманбап архитектурасы: каржы, бухгалтердик эсеп, менеджмент, инновация» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция

2026-жылдын 19-майында Ош мамлекеттик университетинин базасында Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана көрүнүктүү окумуштуу, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Жусупжан Тургунбаевич Тургунбаевдин 70 жылдык мааракесине арналган «Санариптик геоэкономиканын заманбап архитектурасы: каржы, бухгалтердик эсеп, менеджмент, инновация» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Аталган илимий иш-чарага Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, окумуштуулар, илим изилдөөчүлөр, экономика жана башкаруу тармагындагы адистер, ошондой эле жаш окумуштуулар активдүү катышышты. Конференциянын негизги максаты — санариптик трансформация шартындагы геоэкономикалык өнүгүүнүн жаңы багыттарын талкуулоо, каржы, бухгалтердик эсеп, менеджмент жана инновация тармактарындагы заманбап тенденциялар боюнча тажрыйба алмашуу жана илимий кызматташтыкты чыңдоо болду.

Конференциянын жүрүшүндө санариптик экономика доорундагы башкаруу системаларынын өзгөрүшү, инновациялык технологиялардын экономикага тийгизген таасири, финансылык туруктуулук, бухгалтердик эсептин жаңы моделдери жана билим берүү тармагындагы заманбап ыкмалар тууралуу кеңири баяндамалар жасалды. Ошондой эле илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү, жаш адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бул маанилүү илимий жыйынга АТИнин директору Карбекова Азиза Баймаматовна да катышып, конференциянын ишине активдүү аралашты. Ал илимий чөйрөдөгү заманбап тенденциялар, санариптик өнүгүү шартындагы билим берүү системасынын ролу жана адистерди даярдоонун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашууга катышып келди.

Конференция жогорку уюшкандыкта өтүп, илимий байланыштарды кеңейтүүгө, жаңы демилгелерди ишке ашырууга жана билим берүү менен экономиканын интеграциясын бекемдөөгө чоң салым кошту. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар санариптик геоэкономиканын өнүгүүсүнө байланышкан илимий сунуштарды жана практикалык сунуштамаларды иштеп чыгышты.