1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

26

EMPATY долбоорунун колдоосу менен уюштурулган Кыргыз Республикасынын илимий-ишкердик платформасынын (ИИП) жыйыны

Кыргызстандын мөмө-жемиш жана жашылча ишканаларынын ассоциациясы Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында жарандык коомдун демилгелерин колдоо» программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан EMPATY долбоорунун колдоосу менен уюштурулган Кыргыз Республикасынын илимий-ишкердик платформасынын (ИИП) жыйынын өткөрдү.

Аталган жыйынга Агрардык-техникалык институтунун директору э.и.д., профессор Карбекова Азиза Баймаматовна катышып келди.

Платформанын максаты — илимий коомчулук, билим берүү тармагы жана бизнес ортосундагы кызматташууну чыңдоо, ошондой эле эмгек рыногунун жана билим берүү системасынын негизги катышуучуларынын ортосунда туруктуу өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу болуп саналат.

2026-жылдын 20–21-май күндөрү өткөн иш-чарага жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, коомдук уюмдар, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, мамлекеттик органдар, жеке компаниялар жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келген жаштар катышты.

Талкуулардын негизги багыттарынын бири — билим берүү программаларын эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык өркүндөтүү болду. Ошондой эле жаштардын жумуш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу жана алардын өлкө ичинде кесиптик карьера куруусуна шарт түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

EMPATY консорциуму курамына Кыргызстандан үч жана Австриядан бир уюм кирген эл аралык өнөктөштүк болуп саналат. Алар «Кыргыз Республикасында активдүү жана гүлдөп өнүккөн жарандык коомду жана жаш муунду өнүктүрүү үчүн жарандык коом уюмдарын жана көп тараптуу өнөктөштүктөрдү күчөтүү» аттуу EMPATY долбоорун ишке ашырууда. Долбоор Кыргыз Республикасынын социалдык жана экономикалык турмушунда инклюзивдүү диалогду жана жарандардын активдүү катышуусун өнүктүрүүдөгү негизги катышуучулар катары жарандык коом уюмдарын (ЖКУ) чыңдоого багытталган. Өзгөчө көңүл айыл аймактарындагы жаштарга бурулат.

EMPATY долбоору 2008-жылдан бери Кыргызстанда иш алып барып келе жаткан австриялык эл аралык Hilfswerk International уюму жетектеген консорциум тарабынан тең укуктуу өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Консорциумдун курамына Кыргызстандын айыл чарба консультациялык кызматтарынын форуму (КАЧККФ), «Ачык линия» коомдук фонду жана Кыргызстандын мөмө-жемиш жана жашылча ишканаларынын ассоциациясы (КМЖЖИА) кирет. Долбоор Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында жарандык коомдун демилгелерин колдоо» программасынын жана Австрия өнүктүрүү агенттигинин (ADA) каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

EMPATY долбоору жарандык коом уюмдарынын туруктуулугун жана кесипкөйлүгүн чыңдоого, ошондой эле жаштарга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн калыптандырууда активдүү роль ойноого мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган. Ар түрдүү кызыкдар тараптардын тыгыз кызматташуусу долбоордун негизги принциптеринин бири жана Кыргыз Республикасында туруктуу жана оң өзгөрүүлөргө жетишүүнүн негизги фактору болуп саналат.

Кыргызстандын мөмө-жемиш жана жашылча ишканаларынын ассоциациясы (КМЖЖИА) Hilfswerk International менен биргеликте Илимий-ишкердик платформанын (ИИП) үч жыйынын өткөрүүнү пландаштырууда. Илимий-ишкердик платформа Кыргызстанда 2019-жылы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Hilfswerk International жетектеген CANDY IV долбоорунун алкагында түзүлгөн. Платформанын негизги максаты — илим менен бизнестин ортосундагы кызматташууну чыңдоо.

Платформанын милдеттери жеке компаниялар, жогорку окуу жайлары жана кесиптик билим берүү мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, ошондой эле алдыңкы технологияларды, заманбап окутуу усулдарын жана башкаруудагы инновацияларды билим берүү процессине киргизүү аркылуу окуу жайларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Бул демилгенин негизги максаты — жеке сектор менен өндүрүш тармагына экономикалык өсүш жана коомдун жыргалчылыгы үчүн зарыл болгон көндүмдөрдүн жана жаш адистер билим берүү мекемелеринде алган билим-көндүмдөрдүн ортосундагы айырмачылыкты жоюу. Билим берүү системасын эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтыруу аркылуу бул демилге жаштардын жумушка орношуусун жакшыртууга, алардын өз өлкөсүндө калып иштөөсүнө кызыктырууга жана ийгиликтүү кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Теориялык билим менен практикалык тажрыйбаны айкалыштыруу аркылуу платформа жаңы билимдердин жаралышына жана алардын экономикалык баалуулукка айланышына өбөлгө түзөт.