1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

22

№75 Кочкор Эрматов атындагы жатак лицейинде профориентациялык жолугушуу өттү

№75 Кочкор Эрматов атындагы жатак лицейинде 11-класстын окуучулары үчүн профориентациялык иш-чара уюштурулду. Жолугушууну АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын башчысы Масиркулов Эрнисбек Искендербекович өткөрүп, бүтүрүүчүлөргө кесип тандоо, жогорку окуу жайларына тапшыруу жана келечектеги адистиктер тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар заманбап кесиптер, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер жана өз кызыгуусуна жараша туура кесип тандоонун мааниси тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пайдалуу кеңештерге ээ болушту.

Мындай профориентациялык жолугушуулар жаштардын келечекке болгон багытын аныктоого жана туура кесип тандоосуна чоң жардам берет.