1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

22

Энергетика багытындагы студенттер Токтогул ГЭСтер каскадында практикалык окуудан өтүштү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун энергетика багытындагы ЭС-1-25 жана ЭС-1-23 тайпалары өндүрүштүк практика жана «Гидроэнергетикалык орнотмолор» предметинин алкагында жумуш ордунда окутуу иш-чарасына катышып келишти. Иш-чара Токтогул ГЭСтер каскадында уюштурулуп, студенттер гидроэнергетикалык объектилердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Алгач студенттер Токтогул ГЭСтер каскадынын башкармалыгындагы тиешелүү каттоо жана уруксат берүү бөлүмдөрүнөн өтүштү. Объект стратегиялык мааниге ээ болгондуктан, коопсуздук талаптарына ылайык тиешелүү уруксаттардын негизинде гана каскад аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Андан соң жооптуу адистердин коштоосунда окуу-сабактар улантылды.

Практикалык окуунун жүрүшүндө студенттер Токтогул ГЭСинде жүргүзүлүп жаткан ири реконструкциялык иштер менен кеңири таанышышты. Учурда станциядагы негизги жабдуулар жаңыланып, ички системалар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатканы белгиленди. Мындай жаңылануулар келечектеги энергетик адистерди заманбап технологиялар менен окутууга ыңгайлуу шарт түзөрү айтылды.

Окуунун биринчи этабы машиналык залда өткөрүлүп, студенттер гидрогенераторлордун иштөө принциби, реконструкциядан кийинки техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Белгиленгендей, жаңылоо иштеринен кийин ар бир генератордун кубаттуулугу кошумча 60 МВтка жогорулатылган. Адистердин маалыматына ылайык, төрт генератор боюнча кошулган жалпы жаңы кубаттуулук өзүнчө бир ири гидроэлектростанциянын өндүрүш мүмкүнчүлүгүнө барабар экендиги белгиленди.

Андан кийинки этап ГЭСтин диспетчердик башкаруу бөлүмүндө улантылды. Бул жерде студенттер электр энергиясынын кубаттуулугун жөнгө салуу, суунун көлөмүн көзөмөлдөө, жыштык жана чыңалуу параметрлерин туруктуу кармоо процесстери менен таанышышты. Ошондой эле Токтогул ГЭСинин иш режими жалпы энергосистема менен тыгыз байланышта жүргүзүлөрү түшүндүрүлдү.

Мындан соң окуу жалпы беш ири ГЭСтин ишин координациялоочу борбордук диспетчердик бөлүмдө уланды. Бул бөлүмдө студенттер суу сактагычтардагы суунун деңгээлин көзөмөлдөө, гидроагрегаттардын жүктөмдөрүн бөлүштүрүү жана энергетикалык режимдерди башкаруу боюнча маалымат алышты. Ошондой эле бардык негизги башкаруу процесстери Бишкек шаарындагы борборлоштурулган диспетчердик борбор аркылуу көзөмөлдөнөрү белгиленди.

Иш-чаранын акыркы бөлүгү плотинанын үстүңкү бөлүгүндө — верхний гребень аймагында уланды. Бул жерде студенттер суу агызуучу шлюздардын иштөө тартиби, реконструкция иштеринде колдонулган крандык жабдуулар, коргоочу щиттер жана башка техникалык орнотмолор менен таанышышты. Практикалык окуу студенттердин теориялык билимдерин өндүрүш шартында бекемдөөгө жана энергетика тармагындагы заманбап технологияларды жеринде көрүп үйрөнүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түздү.