1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

34

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында тегерек стол уюштурулду.

ЖАМУнун Б. Осмонов атындагы Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучулары тарабынан студенттерге Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында тегерек стол уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитине байланыштуу жиберилген катынын негизинде өткөрүлдү.

Тегерек столдун жүрүшүндө студенттерге Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүү тарыхы, негизги максаттары, мүчө мамлекеттери жана уюмдун эл аралык деңгээлдеги орду тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ШКУ алкагындагы кызматташтыгы, аймактык коопсуздукту камсыздоо, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип, заманбап эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгү, мамлекеттер аралык кызматташтык жана жаштардын коомдогу орду тууралуу пикир алышышты. Тегерек стол студенттердин дүйнөлүк саясий жана экономикалык процесстерге болгон кызыгуусун арттырып, алардын маалыматтык аң-сезимин кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Кафедра тарабынан мындан ары да студенттер үчүн агартуу жана маалыматтык багыттагы иш-чараларды уюштуруу улантылары белгиленди.