1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

19

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасында ШКУ саммитине арналган тегерек стол өткөрүлдү

2026-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасында студенттер жана окутуучулар арасында тегерек стол уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди ШКУнун ишмердүүлүгү, негизги багыттары жана Кыргызстандын уюмдагы орду менен тааныштыруу болду. Тегерек столдо аймактык коопсуздук, экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланып, ШКУнун мамлекеттер аралык байланыштарды бекемдөөдөгү ролу белгиленди.

Катышуучулар өз ойлорун билдирип, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жаштардын орду тууралуу пикир алышты жана суроо-жооп форматындагы талкуу өткөрүлдү.

Мындай иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, эл аралык уюмдар тууралуу маалыматтуулугун жогорулатууга жана жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.