1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

73

Заполярдык мамлекеттик университет менен кызматташуу

Агрардык-техникалык институтунда эл аралык кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү иш-чара - конок лекция уюштурулду. Бул иш-чарага Заполярдык мамлекеттик университетинин өкүлдөрү - коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Наталья Геннадьевна Земзюлина жана улук окутуучу Андрей Николаевич Никифоров катышышты.

Коноктор институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугуп, өздөрүнүн тажрыйбалары, илимий изилдөөлөрү жана билим берүү системасындагы жаңы ыкмалар тууралуу кеңири маалымат беришти. Лекция мазмундуу жана кызыктуу өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу маалыматтарга бай болду.

Иш-чаранын алкагында институттун директору, э.и.д., профессор А.Б. Карбекова да коноктор менен расмий жолугушуу өткөрүп, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты. Жолугушууда окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, онлайн форматтагы илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу, актуалдуу темалар боюнча биргелешкен илимий коллаборацияларды жүргүзүү жана ар түрдүү билим берүүчү, илимий долбоорлорду ишке киргизүү боюнча сунуштар айтылды.

Ошондой эле студенттерди Россия Федерациясында өтүүчү жайкы мектептерге жөнөтүү, эки дипломдуу билим берүү программаларын ишке ашыруу сыяктуу келечектүү багыттар да көтөрүлүп, тараптар бул демилгелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Аталган жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өтүп, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүүгө бекем негиз түздү.