1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

73

Андижан айыл чарба жана агротехнология институту менен Агрардык-техникалык институттун кызматташуусу

2026-жылдын 13-майында билим берүү кызматын көрсөтүү боюнча түзүлгөн кызматташуу келишиминин алкагында маанилүү Эл аралык жолугушуу өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты - академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, илимий кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен илимий макалаларды даярдоо аркылуу билим берүү жана илим тармагындагы байланышты жаңы деңгээлге чыгаруу болду.

Аталган жолугушууга Өзбекстан Республикасынын Андижан айыл чарба жана агротехнология институтунун Экономикалык факультетинин Агробизнес жана маркетинг кафедрасынын окутуучулары - Сотволдиев Егамберди, Соткинов Холмуроджон жана Солиев Расулжон катышып, Агрардык-техникалык институтуна расмий иш сапары менен келишти. Конокторду институттун жетекчилиги э.и.д., профессор А.Б.Карбекова жана профессордук-окутуучулук курамы жылуу тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап билим берүү сапатын жогорулатуу, студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, заманбап билим берүү технологияларын колдонуу, ошондой эле агрардык багыттагы илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү маселелерин кеңири талкуулашты. Айрыкча, эл аралык илимий журналдарда биргелешкен макалаларды жарыялоо, илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өтүп, келечекте кызматташууну мындан ары да кеңейтүү, биргелешкен билим берүү программаларын түзүү жана эки тараптын потенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча макулдашууларга жетишилди. Жоолугушуунун соңунда конокторго сертификаттар тапшырылды.

Бул иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдеп, билим берүү жана илим тармагындагы эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоорун белгилеп кетсек болот.