1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

28

ИЭТ-1-22 тайпасы квалификациялык жумуш алдындагы практикасынын отчетун ийгиликтүү тапшырды

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын ИЭТ-1-22 тайпасынын студенттери квалификациялык жумуш алдындагы практикасы боюнча отчетторун ийгиликтүү тапшырышты.

Жыйынга БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана практика жетекчилери катышып, студенттердин практика учурунда аткарган иштерине баа беришти. Отчет алуу учурунда студенттер практика өткөн мекемелерде аткарган иштерин презентация аркылуу тааныштырып, өздөрүнүн алган тажрыйбалары жана кесиптик көндүмдөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле практика учурунда кездешкен кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.

Практика жетекчилери тарабынан студенттердин отчеттору угулуп, тиешелүү баалар коюлду. Мындан сырткары, студенттерге келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу сунуштар жана кеңештер берилди.

Бул практика студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, кесиптик тажрыйбасын арттырууга жана келечектеги адис катары калыптануусуна чоң өбөлгө түздү.