1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

30

АТИде жазгы семестрдин 2-модулун тапшыруу жүрүп жатат

Агрардык-техникалык институтунда 11-майдан тартып жазгы семестрдин 2-модулун  тапшыруу 1-2-3-жана 4-курстар үчүн жүрүп жатат. 

Ар бир аудиторияларда тиешелүү шарттар түзүлүп, студенттер үчүн ыңгайлуу жана тынч шарт камсыздалды. Мындан тышкары, академиялык ак ниеттүүлүктү сактоо максатында көзөмөл күчөтүлүп, окутуучулар жана жооптуу кызматкерлер тарабынан текшерүү иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө.

Модул тапшыруу учурунда ар бир студент өз билимин өз алдынча көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алып, адилет баалоо принциптери сакталууда. Бул болсо билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттердин жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түзөт. 

Институттун окутуучулар жамааты жана администрациясы бул процессти үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, ар кандай маселелерди ыкчам чечүүдө. Студенттерге түшүндүрүү иштери өз убагында жүргүзүлүп, модулдардын тартиби, талаптары жана графиги тууралуу толук маалымат берилген.

Жалпысынан алганда, жазгы семестрдин экинчи модулдарын тапшыруу жогорку уюшкандыкта, тартиптүү жана ачык-айкын шартта өтүп жатат.