1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

25

Студенттер окуу-таанышуу практикасынын отчетторун ийгиликтүү тапшырышты

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын ИЭТ-1-24 жана ИЭТ-2-24 тайпаларынын студенттери 2 жумалык окуу-таанышуу практикасы боюнча отчетторун ийгиликтүү тапшырышты. Жыйынга БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана практика жетекчилери катышып, студенттердин аткарган ишмердүүлүктөрүнө баа беришти.

Практиканын жыйынтыгын чыгаруу учурунда студенттер өздөрүнүн аткарган иштери тууралуу кеңири маалымат берип, даярдаган отчетторун белгиленген талаптарга ылайык коргоп беришти. Ошондой эле студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары, үйрөнгөн жаңы көндүмдөрү жана кездешкен кыйынчылыктары тууралуу өз ойлору менен бөлүшүштү. Жетекчилер тарабынан студенттердин отчеттору угулуп, алардын аткарган иштерине тиешелүү баалар коюлуп, келечекте кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган сунуштар берилди.

Бул практика студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөгө, аларды практикада колдонуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги адис катары калыптанышына чоң салым кошкон маанилүү этап болуп саналат.