1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

Электроэнергетика жана механика кафедрасында окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун  Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасында ЭКс-1-23 жана ЭЭССс-1-23 тайпаларынын студенттеринин 3 жумалык окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду.

Конференцияга университеттин Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практикаларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Шамиев Ж.Б, кафедра башчысы, практика жетекчилери жана студенттер катышышты.

Студенттер өздөрүнүн окуу-таанышуу практикаларын Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын өндүрүштүк базасындагы ар түрдүү бөлүмдөрүндө өтүштү. Практиканын жүрүшүндө алар электр энергетика тармагындагы реалдуу өндүрүш процесстери менен таанышып, теориялык билимдерин практикада бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жыйынтыктоочу конференциянын жүрүшүндө ар бир студент практика учурунда көргөнү, үйрөнгөнү жана өздөштүргөн көндүмдөрү тууралуу жол картада каралган темалардын негизинде баяндама жасады. Баяндамалардын негизинде активдүү талкуу уюштурулуп, суроо-жооп форматында пикир алышуу болду.

Ошондой эле тайпада өз адистиги боюнча иштеп жаткан студенттер өздөрүнүн иш тажрыйбасы тууралуу кеңири маалымат берип, практиканын сапатын жогорулатууга салым кошушту.

Конференциянын жыйынтыгында студенттердин билими, активдүүлүгү жана жөндөмдүүлүгү эске алынып, тиешелүү баалар коюлду.

Бул иш-чара студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоого, өндүрүш менен билим берүүнүн байланышын бекемдөөгө жана келечектеги адистерди даярдоодо маанилүү кадам болуп саналат.