1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Энергетика багытындагы студенттер Кытай ишканасында стажировкадан өтүштү

Агрардык-техникалык институттун энергетика багытында билим алып жаткан 3-курстун студенттери өндүрүштүк практикасынын алкагында Кытай ишканасында стажировкадан өтүштү. Аталган ишкана учурда Кытай–Кыргызстан темир жолун куруу долбоорунун үстүндө иш алып барууда.

Практиканын жүрүшүндө студенттер үчүн ишканага таанышуу максатында экскурсия уюштурулуп, ишкананын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда студенттер ишкананын ишмердүүлүгү, келечектеги пландары жана адистерге коюлган талаптар тууралуу кеңири маалымат алышты.

Белгилей кетсек, учурда ишкананын талаа базасында (электрлештирүү) курулуш иштери толук кандуу баштала элек. Ушуга байланыштуу ишкана өкүлдөрү студенттерге кытай тилин үйрөнүү боюнча практика өтүүнү сунушташты. Ошондой эле, кытайлык адистерге котормочу жана тил боюнча жардамчы катары иш тажрыйбасын топтоого мүмкүнчүлүк бар экендиги айтылды.

Студенттер мындай мүмкүнчүлүктү жогору баалап, кытай тилин үйрөнүү келечектеги кесиптик өсүшүнө чоң салым кошорун белгилешти. Алар окуудан тышкаркы убактарда келип, стажировкадан өтүү боюнча өз ара макулдашууларды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Бул иш-чара студенттердин практикалык билимдерин кеңейтүүгө, эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоого жана кесиптик багытын тактоого өбөлгө түздү.