1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Жер көчкүнү алдын алуу боюнча практикалык сабак өткөрүлдү

2026-жылдын 24-апрель күнү Агрардык техникалык институтунун электрэнергетика жана механика кафедрасынын «Өзгөчө кырдаалдардан коргоо» адистиги боюнча ОКК-1-24 жана ОКК-1-22 тайпаларынын студенттери үчүн жер көчкүнүн алдын алуу жана өзгөчө кырдаал учурунда туура аракеттенүү боюнча практикалык сабак өткөрүлдү.

Сабак тажрыйбалуу окутуучулар – Ж. Шамиев, З. Ташиев жана Б. Ташпулатовдун жетекчилиги астында уюштурулуп, теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыды. Студенттерге жер көчкүнүн пайда болуу себептери, аны алдын алуу жолдору жана кооптуу кырдаалда туура аракеттенүү эрежелери түшүндүрүлдү.

Практикалык машыгууда студенттер коопсуз аймакка эвакуациялануу, өз ара жардам көрсөтүү жана ыкчам чечим кабыл алуу көндүмдөрүн бекемдешти.

Өткөрүлгөн иш-чара студенттердин коопсуздук маданиятын жогорулатууга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүгө багытталды.