1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

Жаш адистердин чоң жеңиши: БАС студенттери эл аралык форумда

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “ICTEXPO-2026” аталышындагы эл аралык студенттик форум өткөрүлүп, жыйынтыкталды. Аталган иш-чарага Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан 200дөн ашык студент катышып, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы изилдөөлөрүн жана долбоорлорун сунушташты.Форумдун алкагында 4 секция иш алып барып, ар бир секцияда 50–60тан ашык долбоорлор көрсөтүлдү. Жалпы жыйынтыгында 200дөн ашык долбоор сунушталып, катышуучулар үчүн тажрыйба алмашуу жана өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн кеңири шарттар түзүлдү. Ошондой эле иш-чаранын алкагында маданий программа уюштурулуп, активдүү катышкан студенттерге сертификаттар жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул форумга Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын студенттери да активдүү катышып келишти. Тактап айтканда, Халдаров Исмаил Равшанбекович жана Шайлыбаев Нуржигит Эрмекович “Санариптик дизайн, 3D-моделдөө жана анимация” секциясында, ал эми Калдаров Амантур Азырович “Веб жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу” секциясында өз долбоорлорун сунушташты. Жыйынтыгында студенттер жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлеп, сертификаттарга жана баалуу белектерге ээ болуп келишти.

Белгилей кетсек, БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович эксперттик топтун курамында катышып, студенттердин эмгектерин баалоого өз салымын кошту.

Мындан сырткары, форумдун алкагында академиялык мобилдүүлүк боюнча да бир катар маселелер талкууланды. Жетекчилик тарабынан түзүлгөн ички мобилдүүлүк программасынын алкагында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен окуу пландарын салыштыруу жүргүзүлүп, 2026–2027-окуу жылынан тартып окутуучулар менен студенттерди өз ара алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди.Ал эми тышкы академиялык мобилдүүлүк багытында Казакстандын Тараз университети жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети менен кызматташтык келишимдерин түзүү боюнча сунуштарды жетекчиликке киргизүү макулдашылды.

Мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.