1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

“Менин кесибим – менин келечегим”: ЖАМУда энергетика багытындагы бүтүрүүчүлөр менен мотивациялык жолугушуу өттү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) энергетика багытындагы бүтүрүүчүлөрү менен “Менин кесибим – менин келечегим” аталышындагы мотивациялык жолугушуу өндүрүштүк практиканын планына ылайык уюштурулду. Иш-чара университеттин башкы корпусунун жыйындар залында өткөрүлүп, ага студенттер, агай-эжекейлер жана бүтүрүүчүлөр катышты.

Жолугушууга окуу жайдын ректору, т.и.д., профессор К.Ж. Усенов өзү катышып, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен ачык маек курду. Ал өндүрүштө кездешкен көйгөйлөрдү илимий негизде чечүү, университет менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо жана биргелешкен иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ректор ЖАМУнун бүтүрүүчүлөр ассоциациясын жандандыруу демилгесин көтөрүп, анын алкагында тыгыз кызматташуу боюнча сунуштарын айтты.

Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын өндүрүштүк бөлүмдөрүндө жетекчи адис болуп эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн кесиптик тажрыйбасы, карьералык өсүү жолдору тууралуу маалымат беришти. Алар окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин энергетика тармагында ийгиликке жетүү үчүн терең билим, үзүрлүү эмгек жана чыдамкайлык талап кылынаарын белгилешти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын жетекчиси да ЖАМУнун бүтүрүүчүсү болуп саналат. Бул факт студенттер үчүн чоң үлгү болуп, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү тармакта жогорку ийгиликтерге жетишип жатканын айгинелейт.

Баяндамачылар “дарак бир жерден көгөрөт” деген накыл кепти мисал келтирип, жаш адистерге бир ишканада туруктуу иштеп, баштапкы этапта аз айлыкка карабастан тажрыйба топтоо аркылуу карьералык өсүүгө жетишүүгө болоорун белгилешти. Электромонтер кызматынан баштап, бөлүм жетекчилигине чейин көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк бар экендиги да баса белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагындагы учурдагы иш-аракеттер, жаштардын келечеги, кадрдык саясат жана кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири пикир алышуу болду. Катышуучулар энергетика тармагында иштөө — бул туруктуу жумуш гана эмес, элге кызмат кылуу, калкты жарык жана энергия менен камсыз кылуу сыяктуу жоопкерчиликтүү милдет экенин белгилешти.

Жыйынтыгында, аталган иш-чара өндүрүштүк практиканын мазмунун байытып, студенттердин кесиптик багыт алуусуна, тажрыйба топтоосуна жана келечекке ишенимдүү кадам таштоосуна өбөлгө түздү. Ошондой эле университет менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо, бүтүрүүчүлөрдүн тажрыйбасын жаш муунга жеткирүү жана бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын ишин өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылып, мындан аркы кызматташууга негиз түзүлдү.