1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Жумуш ордунда окутуу: СИП проводдор боюнча практикалык сабак

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институту, Электроэнергетика жана механика кафедрасы

Жумуш ордунда окутуу: СИП проводдор боюнча практикалык сабак

Электроэнергетика жана электротехника багытынын ЭС-1-23 тайпасынын студенттери үчүн өндүрүштүк практикасынын алкагында Жалал-Абад райондук электр тармактары (РЭТ) ишканасында көчмө сабак уюштурулду.

Жумуш ордунда окутуу Электроэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучусу М. Кочкорова тарабынан уюштурулду.

Сабактын негизги максаты – студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу, ошондой эле электр тармактарында колдонулган заманбап технологиялар менен тааныштыруу болду.

Сабак учурунда адистер тарабынан өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдар (СИП проводдор) тууралуу кеңири маалымат берилди. Студенттер СИП зымдарынын түрлөрү, түзүлүшү, колдонуу чөйрөсү жана артыкчылыктары жөнүндө практикалык мисалдар аркылуу таанышышты. Ошондой эле алардын монтаждоо өзгөчөлүктөрү, эксплуатациядагы коопсуздук талаптары жана колдонуудагы натыйжалуулугу түшүндүрүлдү.

Айрыкча, СИП проводдордун артыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Бул зымдарды колдонууда:

- техникалык жоготуулар азаят, анткени изоляцияланган конструкция электр энергиясынын жоготууларын минималдаштырат;

- коопсуздук деңгээли жогорулайт, ачык зымдарга салыштырмалуу электр тогуна кокус тийип кетүү коркунучу бир топ азаят;

- шамал, жаан-чачын жана дарак бутактарынын таасиринен болгон кыска туташуулар азаят;

- эксплуатациялык ишенимдүүлүк жогорулап, тейлөө чыгымдары кыскартылат.

Ошондой эле практикалык сабакта Жалал-Абад РЭТ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер мисал катары көрсөтүлдү. Атап айтканда, Чолок-Терек айылында 0,4–10 кВ электр тармактары толугу менен СИП проводдорго алмаштырылып, реконструкция иштери жүргүзүлгөнү белгиленди. Бул иштер аймактагы электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатып, авариялык өчүүлөрдү азайтууга жана энергия жоготууларын кыскартууга өбөлгө түзгөн.

Белгилей кетүүчү жагдай, учурда башка аймактарда да электр тармактарын жаңылоо жана модернизациялоо боюнча реконструкция иштери уланууда.

Мындан тышкары, студенттер окуу борборунда электр коопсуздугу боюнча көрсөтмөлүү стенддер менен таанышып, коргоо каражаттары жана электр жабдуулары менен иштөө эрежелери боюнча практикалык түшүнүк алышты.

Мындай өндүрүштүк сабактар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, теориялык билимдерин бекемдөөгө жана келечектеги адистик ишмердүүлүгүнө даярдоодо чоң мааниге ээ.