1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Жумуш ордунда окутуу. Тема: Трансформаторлорду кургатуу жана май менен толтуруу

Б. Осмонов атындагы Жалал- Абад мамлекеттик университети

Агрардык-техникалык институту

Электроэнергетика жана механика кафедрасы

Жумуш ордунда окутуу. Тема: Трансформаторлорду кургатуу жана май менен толтуруу

Электроэнергетика жана электротехника багытынын ЭС-1-23 тайпасынын студенттери үчүн өндүрүштүк практика учурунда Жалал-Абад райондук электр тармактары (РЭТ) ишканасында практикалык сабак өткөрүлдү.

Жумуш ордунда окутуу Электроэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучусу М. Кочкорова тарабынан уюштурулду.

Сабактын жүрүшүндө студенттерге күч трансформаторлорун кургатуу (сушка) жана АИ-70 трансформатордук майын тартуу (толтуруу) процесстери боюнча кеңири маалымат берилди.

Адистер трансформаторлорду эксплуатацияга даярдоодо кургатуу процесси өтө маанилүү экенин белгилешти. Трансформатордун изоляциясында нымдуулуктун болушу анын диэлектрикалык касиеттерин начарлатып, авариялык кырдаалдардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан атайын жабдуулар аркылуу кургатуу иштери жүргүзүлүп, трансформатордун ишенимдүүлүгү жогорулатылат.

Ошондой эле студенттер АИ-70 трансформатордук майын тартуу процесси менен таанышышты. Бул май трансформатордо:

* изоляциялоочу чөйрө катары кызмат кылат;

* жылуулукту эффективдүү чыгарат;

* жабдуунун узак мөөнөттүү жана туруктуу иштешин камсыз кылат.

Практикалык сабак учурунда студенттерге май сакталган резервуарлар, майды даярдоо жана берүү жабдуулары, ошондой эле трансформаторлорду тейлөөдө колдонулган шаймандар көрсөтүлдү. Алар өндүрүш шартында жүргүзүлүүчү реалдуу процесстер менен түздөн-түз таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ошондой эле коопсуздук техникасына өзгөчө көңүл бурулуп, жогорку чыңалуудагы жабдуулар менен иштөөдө сакталуучу талаптар түшүндүрүлдү.

Мындай өндүрүштүк окутуулар студенттердин кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууда, теориялык билимдерин практикада бекемдөөгө жана келечектеги адистик ишмердүүлүгүнө даярдоодо чоң мааниге ээ.