1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Энергетика дүйнөсүнө жол: келечектеги кесипке ишенимдүү кадам

2026-жылдын 27-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде “Энергетика дүйнөсүнө саякат: кесип тандоодогу туура кадам!” аттуу профориентациялык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – мектеп бүтүрүүчүлөрүнө энергетика жана башка инженердик адистиктер тууралуу кеңири маалымат берүү, кесип тандоодо туура багыт көрсөтүү жана заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу болду.

Иш-чарага электроэнергетика жана механика кафедрасы активдүү катышып, кафедрада окутулуп жаткан бардык адистиктер боюнча мазмундуу презентациялар сунушталды. Катышуучуларга университетте түзүлгөн шарттар – заманбап окуу корпустары, компьютердик класстар, окуу-методикалык камсыздоо, лабораториялык базалар жана өндүрүш менен тыгыз байланышкан практикалык окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын жогорку квалификациясы, студенттердин илимий жетишкендиктери, лидерлик демилгелери жана эл аралык академиялык мобилдүүлүк программалары, анын ичинде Кытай Эл Республикасында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү өзгөчө белгиленди.

Иш-чаранын алкагында ар бир адистик боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп, заманбап техникалык жабдуулар жана демонстрациялык материалдар көрсөтүлдү. Андан соң аудиторияларда практикага багытталган мастер-класстар өткөрүлүп, мектеп бүтүрүүчүлөрү энергетика тармагындагы кесиптердин өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жыйынтыгында, катышуучулар өздөрүнүн кызыгуусуна жана жөндөмүнө жараша келечектеги кесибин тандоого багыт алып, энергетика багытына болгон кызыгуусун арттырышты.