1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

ЖАГУдагы Ачык эшиктер күнүнө АТИ катышты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн Ачык эшиктер күнүнө Агрардык-техникалык институт активдүү катышты.

Иш-чаранын алкагында АТИнин ветеринардык медицина кафедрасы тарабынан мастер-класс жана көргөзмө уюштурулуп, келген конокторго жана мектеп окуучуларына ветеринардык кесип тууралуу кеңири маалымат берилди.

Катышуучулар микроскоп аркылуу жаныбарлардын биологиялык материалдарын көрүп, ветеринардык аспаптар жана окуу материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бул иш-чара жаштарды туура кесип тандоого багыттоо жана ветеринардык медицинага кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү.