1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

АТИде практикалардын жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институттун ветеринардык медицина кафедрасында В-1-24 тайпасынын окуу практикасы жана В-1-22 тайпасынын өндүрүштүк-врачтык практикасы боюнча жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Шамиев Жакып Бакирович, ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика учурунда аткарган иштерин презентация түрүндө көрсөтүп, өз отчетторун ийгиликтүү жакташты. Алар теориялык билимдерин практикада колдонуу, ветеринардык кызмат көрсөтүү, диагностика жана дарылоо иштерине катышуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Конференциянын жыйынтыгында студенттердин практикалык даярдыгы оң бааланып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө багыт берүү боюнча сунуштар берилди.