1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөр: Ачык эшиктер күнү

Бүгүн “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде   “Ачык эшиктер күнү” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасы да активдүү катышты.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун ар кайсы аймактарынан келген мектептердин 9–11-класстарынын окуучулары жана мугалимдери катышышты. Келген конокторго университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, сунушталган адистиктер жана окуу шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди.

БАС кафедрасы иш-чаранын алкагында активдүү иш алып барып, окуучуларга өз адистиктери, окуу процесси жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу түшүндүрмөлөрдү берди. Ошондой эле окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Аталган иш-чара окуучулардын кесип тандоосуна багыт берип, алардын жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.