1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Агрардык-техникалык институттун Ветеринардык медицина кафедрасында иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда негизги билим берүү программасын талкуулоого арналган жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү программасынын мазмуну, анын заманбап талаптарга шайкештиги, ошондой эле студенттердин теориялык жана практикалык даярдыгы каралды. Ошондой эле ветеринария тармагында санариптештирүү багытына көңүл буруу жана «Ветеринариядагы санариптештирүү» сабагын киргизүү маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар окуу процессин өркүндөтүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында пикир алышты.