1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-25 тайпасынын студенттери учурда окуу-практикадан өтүп жатышат.

Практика Надырбек уулу Эпос агайдын жетекчилигинде уюштурулуп, студенттер теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып бекемдөөдө.

Окуу-практиканын жүрүшүндө студенттер бака союу аркылуу анын ички органдарынын түзүлүшүн изилдеп, анатомия боюнча алган билимдерин тереңдетишүүдө. Мындан тышкары, анатомиялык музейдеги сөөктөрдү боёп, аларды ирээтке келтирүү иштерин да аткарып жатышат.

Бул практикалык иштер студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, тактыкка жана жоопкерчиликке тарбиялоого чоң өбөлгө түзөт.