1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

АТИнин ветеринардык медицина кафедрасында 1–5-курстардын студенттеринин ата-энелеринин катышуусунда жалпы жыйын болуп өттү. 

Жыйындын максаты — студенттердин окуу процесси, тартиби жана жетишкендиктери тууралуу ата-энелер менен биргеликте талкуу жүргүзүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө студенттердин сабактарга катышуусу, окуу формасын сактоосу жана жалпы жетишкендиктери тууралуу маселелер кеңири талкууланды. Ошондой эле студенттердин тартиби, жоопкерчилиги жана келечектеги кесиптик калыптанышы боюнча пикир алмашуу болду.

Ата-энелер өз ойлорун билдирип, студенттерди тарбиялоодо окутуучулар менен тыгыз кызматташып, биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин белгилешти. Бул багытта ата-эне, окутуучу жана студент ортосундагы байланышты бекемдөө зарылдыгы өзгөчө белгиленди.

Жыйын жигердүү талкуу форматында өтүп, өз ара түшүнүшүүнү арттырууга жана студенттердин билим сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду.