1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

«Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ЖАМУга колдоо көрсөтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде, Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган «Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууда. Долбоор Кыргыз Республикасынын Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ЦКА) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү аркылуу жүргүзүлүүдө.

Аталган долбоордун алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ветеринардык медицина кафедрасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, жасалма уруктандыруу жана хирургиялык шаймандарды камсыз кылуу үчүн Дүйнөлүк Банктын эсебинен 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Бул демилге жакынкы күндөрү ишке ашырылып, окуу-илимий жана практикалык иштердин сапатын жогорулатууга чоң салым кошмокчу.

Долбоордун жүрүшү менен таанышуу жана иш-чараларды координациялоо максатында университетке төмөнкү өкүлдөр келишти:

ЦКАнын директору — Беков Торогул Ниязович;

Жалал-Абад облустук кеңсесинин кызматкерлери — Алмазбек Эшенкулов, Омурзаков Азамат;

Дүйнөлүк Банктын айыл чарба боюнча консультанты — Девид Лагг;

Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин айыл чарба боюнча улук адиси — Талайбек Кошматов.

Конокторду Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович кабыл алып, долбоордун мааниси, күтүлгөн жыйынтыктары жана ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Бул долбоор ветеринардык билим берүүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана агрардык сектордо адистердин сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.