1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институттун Ветеринардык медицина кафедрасында 2026-жылдын 22-апрелинде  илимий-практикалык конференция ийгиликтүү болуп өттү. Иш-чарага студенттердин ата-энелери, ветеринария тармагындагы иш берүүчүлөр, ошондой эле кафедранын бүтүрүүчүлөрү катышып, билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүлдү.

Конференциянын жүрүшүндө кафедранын учурдагы ишмердүүлүгү, билим сапатын жогорулатуу, практикалык даярдыкты күчөтүү жана студенттерди эмгек рыногуна ылайык даярдоо маселелери кеңири талкууланды. Катышуучулар тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылып, кафедранын ишин мындан ары жакшыртуу боюнча маанилүү багыттар белгиленди.

Иш-чаранын алкагында профессордук-окутуучулук курам, иш берүүчүлөр жана студенттер тарабынан илимий докладдар окулуп, заманбап презентациялар көрсөтүлдү. Бул өз кезегинде катышуучулар үчүн тажрыйба алмашуу, жаңы идеяларды талкуулоо жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн пайдалуу аянтча болду.

Конференциянын жүрүшүндө окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн мыкты студенттер грамота менен сыйланышты. Ошондой эле студенттердин тарбиясына жана билим алуусуна кошкон салымы үчүн ата-энелерге, ал эми жаш адистерди колдоп, практикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген иш берүүчүлөргө ыраазычылык каттар тапшырылды.

Мындан тышкары, кафедрада өткөрүлгөн спорттук оюндардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Бул иш-чара студенттердин сергек жашоо образын калыптандырууга жана командалык духту чыңдоого чоң салым кошту.

Жыйынтыгында конференция жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүп, бардык катышуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду. Мындай иш-чаралар билим берүү процессин өркүндөтүүгө, студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүүгө чоң өбөлгө түзөт.