1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

БАС кафедрасында бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү

2026-жылдын 17-апрелинде Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасында бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга АТИнин директору, э.и.д., профессор А.Б. Карбекова, БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов, профессордук-окутуучулук курам жана кафедранын бүтүрүүчүлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу боюнча жогорку иш планда каралган негизги маселелер талкууланды. Тактап айтканда, бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик моделин калыптандыруу, алынган теориялык билимдерди иш жүзүндө колдонуу, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана аларга көрсөтүлүүчү колдоо маселелери боюнча пикир алышуулар жүргүзүлдү.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөр менен туруктуу байланыш түзүү, мониторинг жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуу активдүү форматта өтүп, катышуучулар өз ойлору менен бөлүшүп, сунуштарын беришти.

Бул иш-чара бүтүрүүчүлөр менен байланыштарды бекемдөөгө, алардын кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө жана университет менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталды.