1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын студенти эл аралык семинарга катышып келди

Агрардык-техникалык институттун Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-23 тайпасынын студенти Осмонов Алымбек Food and Agriculture Organization of the United Nations (ФАО) тарабынан уюштурулган семинарга катышып келди.

Семинар пандемияга даярдык көрүү жана ага жооп кайтаруу, ошондой эле ветеринардык кызматтарда биокоопсуздук, текшерүү жана юридикалык аспектилерди камтыган актуалдуу темаларга арналды. Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адистеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга катышуу студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө, тажрыйба алмашууга жана келечектеги адистик ишмердүүлүгүнө чоң салым кошот.