1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Ветеринардык адистердин күнүнө карата спорттук оюндар өтүүдө

Агрардык-техникалык институттун Ветеринардык медицина кафедрасында ветеринардык адистердин күнүнө карата спорттук оюндар уюштурулуп, учурда кызуу жүрүп жатат. Иш-чарага колледждин ветеринардык медицина багытында билим алып жаткан студенттер жана ветеринария адистиги боюнча бүтүрүүчүлөр активдүү катышууда.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында колледж студенттери үчүн профориентациялык иштер да жүргүзүлүп, ветеринардык кесиптин өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтар берилүүдө.

Спорттук мелдештер эки күнгө пландалган. Биринчи күнү катышуучулар волейбол, шахмат, таш көтөрүү жана тогуз коргоол боюнча күч сынашууда. Ал эми экинчи күнү футбол жана аркан тартыш боюнча таймаштар өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана достук мамилени бекемдөө болуп саналат.

Мындай спорттук иш-чаралар катышуучулардын биримдигин арттырып, келечектеги кесиптик кызматташтыкка өбөлгө түзөт.