1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

БАС кафедрасынын окутуучулары мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын окутуучулары үгүттөө иш-чарасынын алкагында Сузак районуна караштуу Т. Байзаков атындагы №77 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 11-класстары менен жолугушуу өткөрүп келишти.

Жолугушууда бүтүрүүчү окуучуларга жогорку окуу жайындагы билим берүү процесси, заманбап адистиктер жана алардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле студенттик жашоо, окуу шарттары жана кесип тандоонун мааниси боюнча түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, тиешелүү жоопторду алышты.

Бул жолугушуу бүтүрүүчүлөргө туура багыт берүү менен алардын келечектеги кесип тандоосуна оң таасирин тийгизди.