1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

БАС кафедрасы тарабынан үгүттөө иштери жүргүзүлдү

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын окутуучулук курамы үгүттөө иштери боюнча Сузак районуна караштуу №6 Т.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 11-класстары менен жолугушуу өткөрүп келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, сунушталган адистиктер, окуу шарттары жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайына тапшыруу тартиби, заманбап адистиктердин артыкчылыктары жана эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Бул иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосуна багыт берип, алардын жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.