1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

АТИнин окутуучулары ОшМУнун колледжинде конок лекция өтүштү

Агрардык-техникалык институттун Ветеринардык медицина кафедрасынын окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде конок лекция өтүштү.

Ветеринардык медицина кафедрасынын доценти Карипов Куванчбек Асанкулович «Микробиология жана микология» сабагы боюнча, ал эми окутуучу Сулайманов Абдысатар Саматович «Ветеринардык санитардык экспертиза» сабагы боюнча лекция өтүштү.

Лекциялардын жүрүшүндө студенттерге микроорганизмдердин түрлөрү, алардын касиеттери, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда ветеринардык-санитардык экспертизанын ролу тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, практикалык мисалдар келтирилип, теориялык билимдерди бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаралар интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Мындай конок лекциялар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга жана кесиптик даярдыгын чыңдоого чоң өбөлгө түзөт.