1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Конок лекциялар ийгиликтүү өттү

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын улук окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин Ветеринария жана биотехнология кафедрасында конок лекцияларды өткөрүштү.

Ветеринардык медицина кафедрасынын улук окутуучусу Масиркулов Эрнисбек Искендербекович «Патологиялык анатомия жана соттук ветеринардык экспертиза» сабагы боюнча мазмундуу лекция окуп, студенттерге практикалык мисалдар аркылуу терең маалымат берди. Ошондой эле, улук окутуучу Надырбек уулу Эпос «Акушерство жана гинекология» сабагынан лекция өтүп, өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, конок лекциялар Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн келген студенттердин жана алардын окутуучуларынын катышуусунда өткөрүлдү.

Конок лекциялар студенттер үчүн пайдалуу болуп, алардын кесиптик билимин кеңейтүүгө жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Иш-чара суроо-жооп форматында улантылып, катышуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышты.