1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Академиялык мобилдүүлүк алкагында конок лекциялар өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтуна караштуу “Башкаруунун автоматташтырылган системасы” (БАС) кафедрасынын окутуучулары — улук окутуучу Ы.М. Батырова жана окутуучу Н.Т. Нарматова 2026-жылдын 6–10-апрель күндөрү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас институтуна барып, конок лекцияларды өткөрүп келишти.

Иш-чаранын алкагында “Маалыматтык системалар жана технологиялар” жана “Физика, математика жана колдонмо информатика” кафедраларынын студенттери үчүн заманбап IT багытындагы бир катар актуалдуу темалар боюнча лекциялар уюштурулду. Тактап айтканда, маалыматтарды тандоо жана иштетүүдө SQL тилдерин колдонуу, жасалма интеллект менен иштөө ыкмалары, LearningApps платформасынын мүмкүнчүлүктөрү, Google Form аркылуу баалоо жүргүзүү, Google Диск сервиси менен иштөө жана Canva инструментин колдонуу аркылуу графикалык дизайндарды түзүү сыяктуу темалар камтылды.

Лекциялар интерактивдүү форматта өтүп, студенттер теориялык билимдери менен катар практикалык көндүмдөрүн да өркүндөтүштү. Ошондой эле катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, жаңы билим жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындай академиялык мобилдүүлүк алкагындагы иш-чаралар билим берүү сапатын жогорулатууга, студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана университеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошот.