1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Социалдык тармактардагы шылуундук схемалар жана алардан сактануунун жолдору боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасында “Социалдык тармактардагы шылуундук схемалар жана алардан сактануунун жолдору” темасында семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул жыйында БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты студенттерге интернет мейкиндигинде кездешүүчү алдамчылык ыкмалары тууралуу маалымат берүү, алардын санариптик коопсуздук боюнча билимин жогорулатуу жана шылуундукка каршы сак болууга үйрөтүү болуп саналат.

Семинар-тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга социалдык тармактардагы эң кеңири таралган алдамчылык схемалары, фейк аккаунттар, фишинг ыкмалары жана жеке маалыматтарды коргоо жолдору тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле практикалык мисалдар аркылуу кооптуу кырдаалдардан кантип сактануу керектиги көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден пайдалуу кеңештерди алышты. Семинар-тренинг студенттердин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга жана коопсуз интернет колдонууну калыптандырууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.