1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Практикалык тажрыйба алмашуу: ветеринардык хирургия боюнча мастер-класс

2026-жылдын 14-апрелиндеги Академиялык мобилдүүлүк алкагындагы иш сапардын жүрүшүндө студенттер үчүн практикалык тажрыйба алмашуу иш-чаралары да уюштурулду. Айрыкча ветеринардык хирургия багытында маанилүү мастер-класс өткөрүлдү.

Ош мамлекеттик университетинен келген тажрыйбалуу ветеринардык хирург өзүнүн кесиптик билимин жана практикалык көндүмдөрүн бөлүшүп, студенттерге койлордо кездешүүчү ценуроз оорусуна (мээге мите курт жайгашкан учурдагы патология) хирургиялык операция жасоонун ыкмаларын көрсөттү.

Практикалык сабактын жүрүшүндө студенттер операциянын этаптары, асептика жана антисептика эрежелери, ошондой эле операциядан кийинки кам көрүү тууралуу кеңири маалымат алышты. Мындай түз практикалык окутуу студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ.

Иш-чара жандуу талкуу менен коштолуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.