1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде профориентациялык иш-чара өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжине профориентациялык иш сапары менен барышты. Иш-чаранын негизги максаты – бүтүрүүчү студенттерге кесип тандоодо туура багыт берүү жана ветеринардык медицина адистиги тууралуу кеңири маалымат берүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар студенттерге ветеринардык медицина адистигинин артыкчылыктары, окуу процессинин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле келечектеги иш мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле студенттерди Агрардык-техникалык институтуна окууга чакырып, алардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Мындай профориентациялык иш-чаралар жаштардын туура кесип тандоосуна көмөк көрсөтүп, жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттырууда маанилүү ролду ойнойт.