1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Академиялык мобилдүүлүк алкагындагы иш сапар ийгиликтүү өттү

2026-жылдын 14-мартындагы билдирүүнүн негизинде Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинин директору, окутуучулары жана ветеринария адистигинин студенттери Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасына иш сапары менен келишти.

Аталган иш сапардын негизги максаты — академиялык мобилдүүлүк алкагында билим деңгээлин жогорулатуу, илимий-практикалык тажрыйба алмашуу жана эки окуу жайдын ортосундагы кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Иш сапардын жүрүшүндө коноктор кафедранын окуу-методикалык базасы, лабораториялары жана заманбап окутуу ыкмалары менен таанышышты. Ошондой эле студенттер үчүн практикалык тажрыйба алмашуу иш-чаралары уюштурулду.

Айрыкча ветеринардык хирургия багытында маанилүү практикалык сабак өткөрүлдү. Ош мамлекеттик университетинен келген ветеринардык хирург өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, койлордо кездешүүчү ценуроз оорусуна операция жасоо ыкмасын көрсөттү. Бул практикалык сабак студенттер үчүн абдан пайдалуу болуп, алар операциянын негизги этаптары, асептика жана антисептика эрежелери боюнча терең билим алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында конокторго Агрардык-техникалык институту тарабынан Ыраазычылык каттар тапшырылып, активдүү катышкандыгы үчүн сыйланышты.

Мындай жолугушуулар билим берүү сапатын жогорулатууга, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги адистерди даярдоодо чоң мааниге ээ.