1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Сузак районундагы бир катар жалпы билим берүүчү орто мектептерде профориентациялык иштер жүргүзүлдү.

Б.Осмонв атындагы Жалал абад мамлекеттик университеттинин

Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2026-жылдын 14-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бир катар жалпы билим берүүчү орто мектептерде профориентациялык иштер жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчү окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп, окуу жайдагы адистиктер, кабыл алуу шарттары, окуу процессинин өзгөчөлүктөрү жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле окуучуларга келечектеги кесип тандоодо туура багыт берүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу жайга тапшырууга чакырык берилди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө окуучуларга маалыматтык буклеттер таркатылып, окуу жай менен байланышуу үчүн байланыш номерлери сунушталды. Мындан сырткары, ОРТ жыйынтыгы боюнча босого баллдан өткөн бүтүрүүчүлөр бюджеттик негизде окууга өтүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги өзгөчө баса белгиленди.

Профориентациялык иштер төмөнкү мектептерде өткөрүлдү:

– №69 Жаанбаай Узаков атындагы орто мектепте — 13 окуучу ОРТ тапшырат;

– №38 Дыйкан Жунусов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте — 36 окуучу ОРТ тапшырат;

– №4 Шашиев Бурканалы атындагы орто мектепте — 65 окуучу ОРТ тапшырат;

– №88 Сайпидин Атабеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеп мекемесинде — 28 окуучу ОРТ тапшырат;

– №7 Жусуп Турусбеков атындагы орто мектепте бүтүрүүчү окуучулар менен жолугушуу өткөрүлүп, кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, окуу жайдын адистиктерине болгон кызыгуулары арткандыгы байкалды. Мындай профориентациялык иштер жаштарды туура кесип тандоого багыттоодо маанилүү роль ойнойт.