1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

82

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-25 тайпасынын студенттерин окуу-таанышуу практикасына узатуу конференциясы уюштурулуп өткөрүлдү.

Конференция 2026-жылдын 13-апрель күнү болуп өттү. Иш-чарага ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерге окуу-таанышуу практиканын максаты, милдеттери жана өтүү тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди. Практика учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо, жеке гигиеналык талаптарды аткаруу сыяктуу маанилүү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле кафедра окутуучулары студенттерге практика өтөө мезгилинде күндөлүк жана отчеттук документтерди туура жүргүзүү, жетекчилер менен тыгыз байланышта болуу жана алган билимдерин практика жүзүндө бекемдөө боюнча сунуштарын беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттерге ийгиликтүү практика өтүп келүү каалоолору айтылып, бул практика алардын келечектеги кесиптик калыптанышына бекем негиз болоору белгиленди.