1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

38

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-23 тайпасынын студенттеринин окуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чарага Агрардык-техникалык институтунун директорунун орун басары Назгүл Маматураимова жана ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер окуу практикасынын алкагында алган билимдери жана практикалык көндүмдөрү тууралуу кеңири баяндама жасашты. Ошондой эле студенттер теориялык билимди практика менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан студенттердин баяндамаларына суроолор берилип, кызыктуу талкуулар уюштурулду. Профессордук-окутуучулук курам студенттердин даярдыгына оң баа берип, келечекте дагы кесиптик деңгээлде өсүүсүнө багытталган сунуш-пикирлерин айтышты.

Жыйынтыгында, мындай конференциялар студенттердин өз алдынча иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө, алган билимдерин системалаштырууга жана коом алдында эркин чыгып сүйлөө көндүмдөрүн калыптандырууга чоң салым кошоору белгиленди. В-1-23 тайпасынын студенттери практикадан алган тажрыйбаларын мындан ары окуу процессинде жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтүү колдоноруна ишеним билдирилди.