1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

8

"Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форумунда АТИнин студенттери ыктыярчы катары активдүү катышышты

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын студенттери 9-апрель күнү болуп өткөн «Кыялымдагы Кыргызстан» форумунда ыктыярчы катары активдүү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүп, катышуучуларды тосуп алуу, багыт берүү жана жалпы иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө салым кошушту. Өздөрүнүн жоопкерчиликтүү мамилеси жана активдүүлүгү менен алар форумдун ийгиликтүү өтүшүнө чоң салым кошо алышты.

Мындай тажрыйба студенттердин уюштуруучулук жөндөмдөрүн өнүктүрүп, коомдук иштерге болгон кызыгуусун арттырат.