1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

12

“Коррупциянын алдын алуу жолдору” темасында куратордук саат өткөрүлдү

Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын ИЭТ-1-23 тайпасында 2025-жылдын 10-декабрында куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук саатты тайпанын куратору Нарматова Н.Т. студенттери менен биргеликте “Коррупциянын алдын алуу жолдору” деген темада уюштурду. Иш-чаранын негизги максаты студенттер арасында коррупциянын алдын алуу боюнча түшүнүктү калыптандыруу, алардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана коомдогу адилеттүүлүктү бекемдөө болуп саналат.

Сабактын жүрүшүндө студенттер коррупциянын келип чыгуу себептери, анын коомго тийгизген терс таасири жана аны алдын алуу жолдору тууралуу өз ойлорун билдиришип, активдүү талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле темага байланыштуу мисалдар келтирилип, пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүлдү.

Иш-чаранын соңунда студенттер коррупцияга каршы күрөшүү ар бир жарандын милдети экендигин белгилешип, мыйзамдуулукту сактоо жана адилет коомду түзүүгө өз салымын кошуу зарылдыгын түшүнүштү.