1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

11

“Биз коррупцияга каршыбыз” темасында куратордук саат өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын ПОВТАС-1-25 тайпасында 2025-жылдын 9-декабрында куратордук саат өткөрүлдү.

Куратордук саатты тайпанын куратору Коңурова Ш.Т. студенттери менен биргеликте “Биз коррупцияга каршыбыз” деген темада уюштурду. Иш-чаранын негизги максаты студенттер арасында коррупцияга каршы түшүнүктү калыптандыруу, алардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана адилеттүүлүккө болгон көз карашты бекемдөө болуп саналат.

Сабактын жүрүшүндө студенттер коррупциянын коомго тийгизген терс таасири тууралуу өз ойлорун билдиришип, бул көрүнүшкө каршы туруу жолдорун талкуулашты. Ошондой эле темага байланыштуу мисалдар келтирилип, кызыктуу пикир алышуу жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда студенттер коррупцияга каршы күрөшүү ар бир жарандын милдети экендигин белгилешип, активдүү позицияны кармануу зарылдыгын түшүнүштү.